• 88.68
  • 95
  • 0.95

Соцфондго жыл башынан тарта 2253 кайрылуу келип түшкөн

Коом 0

Бишкек, 11.04.23. /Кабар/. 2023-жылдын январь-март айларында Социалдык фонддун коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгына 2 миң 253 кайрылуу келип түшкөн.

Фонддун басма сөз кызматынан билдиришкендей, анын ичинен:

  • жазуу түрүндө кайрылуулар – 109;
  • ооз эки кайрылуулар – 271;
  • электрондук кайрылуулар – 54.

2023-жылдын январь-март айларында келип түшкөн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө маселелери боюнча толук түшүндүрмө берилди жана жарандардын жазуу жүзүндөгү (электрондук, оозеки) кайрылуулардын тематикасы боюнча төмөнкү багыттарда суроолор келип түшкөн:

  • пенсиялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө;
  • мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө;
  • пенсияларды индексациялоо тууралуу;
  • пенсияга укугу боюнча;
  • пенсия чектөө, пенсияларды өз убагында төлөө жана туура эсептөө тууралуу;
  • пенсиянын топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолорун чектөө жана төлөө жөнүндө.

Ошондой эле төраганын орун басарлары жана аппарат жетекчиси тарабынан 38 жаран өздөрүнүн кабыл алуусунда болду жана кабыл алууда болгон суроо-талаптарына тиешелүү чаралар көрүлдү.

Андан тышкары, Социалдык фонддун 54-33-16, 57-66-67 “Ишеним телефону” жана 0555 64-04-16 “Уюлдук ишеним телефону” аркылуу мамлекеттик жана расмий тилде мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу чөйрөсүндө жеткиликтүү оозеки түшүндүрмөлөр берилип келүүдө.

Жыл башынан тарта 1069 телефон чалуу жана уюлдук телефон аркылуу 712 чалуу түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий