• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бүгүн республиканын көпчүлүк аймактарында жаан, кар жаашы күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 27.02.20. /Кабар/. Бүгүн, 27-февралда республиканын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз 3…8 градус, Талас облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 2…7 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 5…10, Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…+5 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн +1…+6, күндүз 4…9 градус жылуу болушу күтүлөт.

Бүгүн, 27-февралда борбор калаабыз Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 27-февралда 14 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +3…+5, күндүз +6...+8 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий