• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Айрым айылдык кеңештерге депутаттарды шайлоо дайындалды

Президент 0

Бишкек, 27.11.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, төмөндөгүдөй токтом кылынат:

1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешине, Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо 2018-жылдын 28-январына, жекшембиге дайындалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогоруда аталган өкүлчүлүктүү органдарына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- шайлоо өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдарынын сметасына ылайык зарыл финансылык каражаттарды бөлсүн;

- шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин, коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоң районунун, Чүй облусунун Кемин районунун мамлекеттик администрацияларынын башчылары шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмесин калыптандыруу, тактоо жана түзүү, уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жана тиешелүү шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтсүн.

5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары жогоруда аталган кеңештердин документтеринин, материалдарынын, ошондой эле материалдык-техникалык баалуулуктарынын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.

6. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнө жүктөлсүн.

7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий