• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Айрым мекемелер жылуулуктун берилишинен баш тартышууда - Калиев

Коом 0


Бишкек, 17.10.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Айрым билим берүү жана медициналык мекемелердин администрациялары ички бюджеттик каражаттарды үнөмдөө максатында жылуулуктан баш тартышууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААК башкармалыгын төрагасы Айбек Калиев билдирди.

Анын маалыматында, алдыдагы аба ырайынын өзгөрүүлөрүнө байланыштуу Бишкек мэриясы бүгүн эртең менен жылуулук берүүнү баштады.

Калиев жылуулуктун берилип башташы менен бул кызмат үчүн төлөм эсептөө башталарын билдирди. Буга байланыштуу айрым мектептердин, медициналык мекемелердин жетекчиликтери, ошондой эле бала бакчалар ыктыярдуу негизде жылуулуктан баш тартышууда. Буга байланыштуу айрым мекемелерде бүгүн жылуулук берилген жок.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 69 оорукана, 73 бала бакча жана 55 мектеп бар.

Пикир

Оставить комментарий