• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Айрым жергиликтүү соттор мөөнөтүнөн мурда кызматтан алынды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 07.07.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялыгына шайлангандыгына байланыштуу 2020-жылдын 18-июнунан тартып Кыргыз Республикасынын төмөнкү жергиликтүү соттору мөөнөтүнөн мурда кызмат ордунан бошотулду:

— Ош шаардык сотунун судьясы Атаназаров Нурланбек Алайдинович;

— Бишкек шаарынын Свердлов районунун судьясы Гилязетдинова Инара Ильгизовна;

— Чүй облусунун Сокулук районунун судьясы Жоомартов Кумушбек Рысбекович;

— Чүй облусунун Кемин райондук сотунун судьясы Эшалиев Нурманбет Касымбекович.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий