• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Айтматовдун чыгармалары боюнча спектаклдар Уфадагы түрк тилдүү фестивалга катышат

Маданият 0

Бишкек, 1-август /Кабар/. Сентябрдын башында Башкырстандын борбору Уфа шаарында “Туганлык” аталышындагы түрк тилдүү элдердин IV эл аралык фестивалы өтөт. Театралдык форумдун алкагында көрүүчүлөргө Мольер, Шекспир, Чыңгыз Айтматовдун, Лоркинин 14 спектакли тартууланат.

Фестиваль 7-сентябрда башталып, 14-сентябрга чейин уланат.

Фестивалдын катышуучулары Түркия Тыва, Татарстан, Кыргызстан, Кабардино-Балкария, Чувашиден келген театралдык коллектив болмокчу. Калыстар тобун Россиянын эл артисти Евгений Князев жетектейт.

Фестивалдын алкагында Москвадан келген театр адистери, сынчыларынын лекциясы өтөт.

Пикир

Оставить комментарий