• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Белгилүү өзбек журналистине жаңы кылмыш иши козголду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 1-август /Кабар/. Ташкент шаардык Ички иштер башкы башкармалыгы 42 жаштагы белгилүү журналист жана футбол баяндамачысы Хайрулло Хамидовго каршы жаңы кылмыш ишин козгоду.

«Азаттыктын» өзбек кызматынын шаардык ИИБдеги өз булактары кабарлашкандай, кылмыш иши мыйзамсыз коомдук бирикмелерди же диний уюмдарды түзүү беренеси боюнча козголду.

"Бул жолкусунда Хайруллонун иши анча катаал эмес. Анткени анын учурда мүчөлөрүнө карата тергөө иштери жүрүп жаткан кылмыштуу топтор менен байланышы жок. Журналист болгону аталган топтун балдары эс алып жаткан саунага бир нече жолу барган. Анда ал ашыкча эч нерсе айткан эмес", – деп билдирди булак.

Маалыматка караганда, журналист Ташкент ИИБсине суракка июлдун ортосунда чакырылган. Мекеменин кызматкерлеринин бири Хайрулло Хамидов эркинен ажыратылбай турганын, болгону ал айып пул төлөөгө милдеттендирилиши мүмкүндүгүн айтты. Ал учурда диний топтун камакка алынган мүчөлөрүнүн иши боюнча тергөө аяктап, иши сотко өткөнүн кошумчалады.

Хайрулла Хамидов – Өзбекстанда белгилүү журналист, спорттук баяндамачы, акын жана диний насааттары менен атагы чыккан радио алып баруучу. 2010-жылы 27-майда Ташкент облустук соту аны «Жихадчылар» тобуна тиешеси бар деп таап, алты жылга эркинен ажыраткан. Хайрулло Хамидовго мунапыс берилип, 2015-жылы 11-февралда эркиндикке чыккан.

Пикир

Оставить комментарий