Тажикстандагы шайлоонун күңгөй-тескейи

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 20.03.20. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда күздө болуучу парламенттик шайлоолор кызуу талкууланып жаткан кез. Анын алдында 12-апрелге белгиленген айрым шаардык кеңештерге депутаттарды шайлоо компаниясы өзгөчө курч мүнөздө башталганы коомчулукту бир топ түйшөлттү. Даярдыктын жүрүшүндө шайлоо өтүүчү шаарларда жарандарды массалык убактылуу каттоого алуу сыяктуу маселелер шайлоо өтө курч мүнөздө өтөөрүнөн кабар берет. Парламенттик шайлоо менен катар өтүүчү айылдык кеңештерге шайлоо өнөктүгү коомчулуктун назарынан сырт калууда. Анын себеби, шаардык кеңештерге шайлоо партиялык тизме менен жүргүзүлөт. Анын үстүнө, күздө болуучу парламенттик шайлоодо өтүү босогосу кандай болоору талкуу жаратып, ага мамлекет башчысы да өз пикирин билдирген.

Жылдын негизги саясий окуяларынын алдында туш тарапка көз чаптырып, алар мындай саясий окуяларды кандай өткөрүп жаткандыгын карап көрсөк. Жаздын алгачкы күнү 1-мартта коңшу Тажикстан парламенттик шайлоолорду өткөрдү. Жалпыга маалымдоо каражаттары Тажикстандагы шайлоо өнөктүгү тынч, күтүлгөн натыйжаларды берген катардагы шайлоо болду деп жазууда. Тажикстандагы шайлоо бизге салыштырганда кандай өтөрүн, алардагы шайлоо системасынын өзгөчөлүктөрүнө токтоло кетүүнүн туура көрдүк.

Тажик парламенти эки палатадан туруп, жалпы 96 депутат бар. Алардын 33ү Улуттук Кеңештин (Мачлиси милли) депутаттары. Анын ичинен, 25 депутат тоолуу Бадахшан автоном облусунун, анын район-шаарларынын, Душанбе шаарынын жана анын райондорунун, республикага баш ийген шаарлар менен райондордун депутаттары тарабынан жабык добуш берүү аркылуу шайланышат.

Ал эми сегиз депутатты өлкө президенти дайындайт. Бардык административдик аймактар бирдей сандагы өкүлүнө ээ болот. Мурдагы президенттер мөөнөтү бүткөндөн кийин өмүрүнүн аягына чейин Улуттук Кеңештин мүчөсү болуп кала берет. Бул кеңешке 35 жаштан жогору, жогорку билимдүү жарандар шайлана алышат.

Ал эми 1-мартта болуп өткөн шайлоодо парламенттин төмөнкү палатасы – Өкүлдөр палатасына (Мачлиси намояндагон) 63 депутат шайланды. Алардын 41и бир мандаттуу округдардан, ал эми 22си пропорционалдык система аркылуу шайланды. Бул палатага 25 жаштан жогору жарандар шайлана алышат.

Аталган шайлоодо жети партия ат салышып, анын алтоо мандатка ээ болду. Тагыраак айтканда, беш партия беш пайыздык босогодон өтүшсө, Коммунисттик партиянын лидери Мехродж Абдуллаев №38 Муминобад бир мандаттуу шайлоо окуругунда жеңип чыкты. Социал-демократтар партиясы парламенттен сыртта калды. Пропорционалдык система боюнча мандаттарды беш партия бөлүп алат. Алар: Эмомали Рахмон башында турган бийликтин Элдик-демократиялык партиясы 50,4 пайыз менен 12 мандат, Экономикалык реформалар партиясы (16,61 пайыз), Агрардык партия (16,5 пайыз) төрттөн мандат, Социалисттер жана Демократтар партиялары 5 пайыздык чектен өтүп, бирден мандат алышат.

Калган 40 мандатты (бирөөнү коммунист М.Абдуллаев талашсыз жеңип алды) кимдер алары дагы бир жумадан кийин белгилүү болот. Мыйзам ылайык, мажоритардык система боюнча расмий жыйынтык шайлоо бүткөндөн кийин эки жумада чыгарылат. Басымдуу бөлүгүн бийликчил Элдик-Демократиялык партиянын өкүлдөрү алаары шексиз болуп калды. Партиянын төрага орун басары Асрот Латифзоданын айтымында, алар 41 мандаттын 35ин чамалап турушат. Демек, калган 5 мандатты аталган жети партиянын өкүлдөрүнөн сырткары, өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер да аңдып турган чагы. Ошентип, Э.Рахмондун Элдик-Демократиялык партиясы 47 мандат алышы мүмкүн. Буга чейин ал 51 мандатка ээлик кылып турган. Аграрийлерде 5 мандат болсо, Экономикалык реформа менен коммунисттер үчтөн, социалисттер менен демократтар бирден мандаттуу болушкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, оппозициялык социал-демократтар бир да мандат ала албайт. Алар шайлоону тааныбайбыз деп чыгышканы менен көпчүлүк эл колдогон жок. Шайлоонун жыйынтыктары боюнча эл аралык байкоочулар да кескин сын айтышпады. Шайлоо комиссияларына болгону 15тей арыз түшкөн. Алар да майда-барат гана бузуулар жөнүндө болуп, шайлоого таасир эте алышпайт.

Мындан улам, Эмомали Рахмондун саясаты басымдуу көпчүлүк тарабынан колдоо тапты. Демек, күзүндө, тагыраагы, 6-ноябрда өтүүчү президенттик шайлоодо да Э.Рахмон ишенимдүү жеңип чыгат. Тажикстандын Конституциясына ылайык, президенттик тактыга талапкер болууга анда чек жок. Демек, Э.Рахмон Улуттук Кеңешке депутат болбойт, ал Президент, “Улут лидери –тынчтыкты жана улуттук биримдикти негиздөөчү” катары кала берет жана 16-ноябрды-Президенттин күнүн дагы бир нече ирет белгилейт.

Автор: Абдукаххор Бокиров, атайын “Кабар” үчүн

Пикир

Оставить комментарий