• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ноокатта коронавирус жуктургандардын үчөө тең аялдар, улуусу 77 жашта – республикалык штаб

Ден соолук 0

Бишкек, 20.03.20. /Кабар/. Ош облусуна караштуу Ноокат районунда коронавирус жуктургандардын үчөө тең аялдар. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, алардын бирөө - 67, экинчиси - 71, ал эми үчүнчүсү - 77 жашта. Алар изоляцияга алынып, тиешелүү дарылануу алып жатат.

Эскерте кетсек, 18-март күнү Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы 3 учур Сузак районунда (Жалал-Абад облусу) катталган. Алар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан учуп келишкен. Коронавирус аныкталгандан кийин Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген.

Ошондой эле бүгүн, 20-март күнү өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Ноокат районунда коронавирусту жуктурган дагы үч учур катталганын билдирди. Алар Сауд Арабиясынан кичи ажылыктан учуп келишкен. Мындан улам Ноокатта өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Учурда Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын саны алты кишиге жетти.

Пикир

Оставить комментарий