• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айыл чарба министри Чодуев Жумгал районуна иш сапары менен барып, күзгү оруп-жыйноо иштери менен жеринен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 22.08.20. /Кабар/. 20-августта айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев Нарын облусунун Жумгал районунда иш сапары менен болду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министр иш сапарынын алкагында күзгү оруп-жыйноо иштери менен жеринен таанышып, дыйкандар менен пикир алышты.

Мындан сырткары, Чодуев Түгөл-Сай айылындагы "Чынар" үрөн чарбасынын техникаларын жана ишмердүүлүгү менен таанышып, Баш-Кууганды айылындагы "Бакыт-Дос" үрөн чарбасынын кампасын жеринен көрдү. Ошондой эле Кабак айыл өкмөтүндө "Хамза" жеке дыйкан чарбасынын өстүрүп жаткан дарбыз, коон эгилген жер аянтына барды.

Пикир

Оставить комментарий