• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Балыкчы—Ананьево—Каракол жолун реконструкциялоо боюнча коомдук угуу өттү

Аймак 0

Бишкек, 25.02.21. /Кабар/. Балыкчы—Ананьево—Каракол автожолун реконструкциялоо боюнча коомдук угуу болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган жол долбоорунун алкагында Корумду—Балбай жолунун 104-184-чакырымында оңдоо иштеринин аткаруу максатындагы коомдук угуу облус башчысынын биринчи орун басары Улан Далиевдин жетекчилиги алдында өттү.

Угууга тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү, айыл өкмөт жана айыл кеңештери катышкан.

Пикир

Оставить комментарий