• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айыл чарба министрлиги ар бир районго кант кызылчасын эгүүгө чектөө койду

Экономика 0

Бишкек, 15-февраль /Кабар/. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги ар бир районго кант кызылчасын өгүүгө чектөө койду. Бул тууралуу парламенттин жыйынында Айыл чарба министри Нурбек Мурашев депутат Эмил Токтошевдин үстүбүздөгү жылы кант кызылчасын көп айдаган дыйкандар зыян тартып калышпайбы деген суроосуна жооп берип жатып билдирди.

“2016-жылы кант кызылчасынын түшүмү мол болгон, фермерлер дагы жакшы эле пайда көрдү. Эми бары кызылча эге башташат. Жакшы пайдага үмүт кылып, кант кызылчасын көп айдашкан дыйкандар зыян тартып калышпайбы”,-деп суроо узатты депутат.

Өз кезегинде Нурбек Мурашев үстүбүздөгү жылы 1 млн тонна кант кызылчасынын түшүмүн алууну пландап жатабыз деп белгиледи. “Бул жылы “Кошой” жаңы заводу иштеп баштайт. Кайыңды кант заводу менен бирге алар 2017-жылга пландалып жаткан 15 миң гектардын түшүмүн толугу менен кайра иштетип чыгара алат. Мындан тышкары, биз ар бир районго кызылча эгүү боюнча чектөө киргиздик. Эгер көп болсо, дыйкандар аны сата албай калуусу дагы мүмкүн”,-деди министр.

Пикир

Оставить комментарий