• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

«Айыл чарбасын каржылоо–10» долбоорун ишке ашырууга 474 млн сом бөлүнөт

Экономика 0

Бишкек, 13.01.22. /Кабар/. Айыл чарба министрлиги «Айыл чарбасын каржылоо–10» долбоорун презентациялады.

Министрликтин маалыматына караганда, долбоордун максаты 2022-жылы айыл чарбасынын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүү үчүн жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыздоо аркылуу мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү – 60 ай.

Каржылоо булактары тиешелүү жылдар үчүн республикалык бюджеттин жана коммерциялык банктардын каражаттары болуп эсептелет.

Долбоорго катышкан коммерциялык банктардын чыгымдарын жабуу үчүн республикалык бюджеттен 474 млн сом субсидиялык каражаттар бөлүнөт.

КР Финансы министрлиги, Айыл чарба министрлиги, КРнын Улуттук банкы, долбоорду ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктар жооптуу аткаруучулар болуп эсептелишет.

Жеңилдетилген насыяларды максаттуу берүү тармактары мал чарбасы, өсүмдүк өстүрүүчүлүк, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы болуп эсептелет.

Бардык максаттуу тармактар боюнча акыркы пайыздык ставка 6 пайыз эсебинде аныкталды, мал чарбасы, өсүмдүк өстүрүүчүлүк субъекттери үчүн насыяларды кайтаруу мөөнөтү 36 айды, үрөнчүлүк, асыл-тукум мал чарбасы, канаттуулар чарбасы, балык чарбасы, аарычылык, тоют топтоо, малды жасалма жол менен уруктандыруу субъекттери үчүн 60 айды, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканалары үчүн 60 айды түзөт.

Берилүүчү насыянын көлөмү:

- мал чарбасы жана өсүмдүк өстүрүүчүлүк субъекттери үчүн 300 миң сомдон 3 млн сомго чейин;

- үрөнчүлүк, асыл-тукум мал чарбасы, канаттуулар чарбасы, балык чарбасы, аарычылык, тоют топтоо, малды жасалма жол менен уруктандыруу субъекттери үчүн 10 млн сомго чейин;

- тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканалары үчүн 500 миң сомдон 20 млн сомго чейин түзөт.

Бардык категориялар үчүн жеңилдетилген мезгил 6 ай эсебинде аныкталды.

Ушул долбоорго багытталган каражаттар:

- мал чарбасынын субъекттери үчүн бардык каржылоонун жалпы суммасынын 50 пайыздан ашпаган;

- өсүмдүк өстүрүүчүлүк субъекттери үчүн бардык каржылоонун жалпы суммасынын 25 пайыздан ашпаган;

- тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканалары үчүн бардык каржылоонун жалпы суммасынын 25 пайыздан кем болбогон көлөмдө аныкталды.

Алдын-ала эсептөөлөрдүн негизинде, 2022-жылда айылдык товар өндүрүүчүлөргө 5,0-5,5 млрд сом өлчөмүндө жеңилдетилген финансалык каражаттар бөлүнүп берилет.

Пикир

Оставить комментарий