• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Ак илбирс” 2017 киносыйлыгынын 3 номинациясына талапкерлер белгилүү болду

Маданият 0

Бишкек, 6-апрель /Кабар/. “Ак илбирс” 2017 киносыйлыгынын “Борбор Азиянын мыкты тасмасы”, “Борбор Азиянын мыкты актеру”, “Борбор Азиянын мыкты актрисасы” аталышындагы 3 номинациясына талапкерлер белгилүү болду. Бул тууралуу “Ак илбирс” киносыйлыгын уюштуруучулардын бири, Кинематографтар бирикмесинин төрагасы Таалайбек Кулмендеев билдирди.

“Борбор Азияданын мыкты тасмасына” номинанттар

  1. “Маймылдын уйкусу”, реж. Руми Зоазимов (Тажикстан)
  2. “Энеге карай жол”, реж. Акан Сатаев (Казакстан)
  3. “Күздүн майда бараты”, реж. Зульфикар Мусаков (Өбекстан)

“Борбор Азиянын мыкты актеруна” номинанттар

  1. Баходур Миралибеков “Маймылдын уйкусу”, реж. Руми Зоазимов (Тажикстан)
  2. Адиль Ахметов “Энеге карай жол”, реж. Акан Сатаев (Казакстан)
  3. Бахриддин Абдуллаев “Күздүн майда бараты”, реж. Зульфикар Мусаков (Өбекстан)

“Борбор Азиянын мыкты актрисасына” номинанттар

  1. Зульфия Садыкова “Маймылдын уйкусу”, реж. Руми Зоазимов (Тажикстан)
  2. Алтынай Ногербек “Энеге карай жол”, реж. Акан Сатаев (Казакстан)
  3. Феруза Саидова “Күздүн майда бараты”, реж. Зульфикар Мусаков (Өбекстан)

Сыйлыктарды тапшыруу салтанаты Бишкекте 14-апрелде 18:00дө “Манас” кинотеатрында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий