• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте 7-апрелде айрым көчөлөр жабылат

Коом 0

Бишкек, 6-апрель /Кабар/. 6-апрелден тартып шаардык милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде кызмат өтөп башташат. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, Элдик апрель революциясынын 7 жылдыгына арналган майрамдык иш-чараларга байланыштуу шаардын борбордук көчөлөрүндө кыймылга чектөө киргизилет.

Жол кыймылы Киев көчөсү жана Чүй проспектиси боюнча Тоголок Молдо көчөсүнөн Эркиндик проспектисине чейин чектелет. Мындан тышкары, Фрунзе көчөсүнөн түштүк багытта Разаков, Орозбеков, Панфилов көчөлөрү жана Эркиндик проспектиси боюнча жол жабылат.

Коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында 6-апрелден тартып республиканын бардык милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимге өтөт. Коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга жол бербөө боюнча ыкчам штаб түзүлдү.

Бишкек ШИИБ шаар тургундарына жана меймандарына борбордук “Ала-Тоо” аянтына кирдүүдө темир детекторлорун колдонуу менен текшерү жүргүзгөн көзөмөл-өткөрмө пункттарынын ишине түшүнүү мене мамиле кылууну суранат.

Ошондой эле, ар кандай жерлерде (жолдордо, турак үйлөрдө, унаада, коомдук жайларда, токтоп турган унааларда) шектүү же ээсиз заттар байкалса, аларды кармаганга, ачууга, жылдырууга же башка аракеттерди жасоого кескин түрдө тыюу салынат. Шектүү зат табылгандыгы тууралуу токтоосуз милицияга 102 номери аркылуу билдирүү керек.

Пикир

Оставить комментарий