• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ак-Талаа районунун Баетов айылында заманбап мектеп пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 17.02.20. /Кабар/. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Эсенгул Карасартов атындагы 275 орундук мектептин курулушу аягына чыгып, ачылыш салтанаты өткөрүлдү. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, мектептин ачылыш салтанатына Жогорку Кеңештин депутаттары Чыныбай Турсунбеков, Искендер Гаипкулов, Алмасбек Акматов жана башка расмий адамдар катышты.

Эл өкүлү Чыныбай Турсунбеков бул мектептин курулушу мындан 6 жыл мурун капсула салып кеткенин айтуу менен, эми анын ачылышына келүү кандай сыймыктуу экенин белгилеп өттү. Эл депутаты айткандай КР президенти Сооронбай Жээнбеков өзү да бул мектептин курулушун көзөмөлгө алып, аны тездетүү тапшырмасын берип кеткен. Натыйжада заманбап жакшынакай мектеп курулуп, айылдыктардын көптөн күткөн тилеги ишке ашып отурат.

Мына ушундай жаңы типтеги жаркыраган мектептин ачылышы менен куттуктаган Жогорку Кеңештин депутаты Искандер Гайпкулов райондор аралык карым-катнашты жандандыруу аракеттери да башталып жатканын белгиледи. Нарын району менен Араван району өз ара карым-катнашты жакшыртып, өнөктөштүк иштерди жасоого белсенип киришти.

Депутаттар белгилеп өткөндөй, балдарды колдоо жылында Баетов айылында жакшынакай, заманбап мектептин пайдаланууга берилиши жакшы жөрөлгө катары белгиленүүдө.

Жогорку Кеңештин депутаттары баштаган ардактуу меймандар тасма кесип, мектептин ичин кыдырып көрүштү. Бардык ыңгайлуулук түзүлгөн спорт залы, ашканасы, китепканасы да бар экен.

Ал турсун лабораториялык иштер үчүн да атайын бир бөлмө бөлүнгөн. Компьютердик класс, кенен-таза кабинеттер, жаңы эмеректер окуу орус жана кыргыз тилдеринде жүргүзүлө турган мектептин жамааты үчүн жомоктогудай кубанычтуу жаңылык болду.

Пикир

Оставить комментарий