• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ак-Таш жана Жүлгүр жайлоолорундагы өрт өчүрүлүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 11.09.18. /Кабар/. Ак-Таш жана Жүлгүр жайлоолорундагы өрттү өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 10-сентябрда болжол менен саат 16:15тер чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районунун 1-Май айылына караштуу Ак-Таш жана Жүлгүр жайлоолорунда куураган чөптөн өрт чыккан.

Өрттү өчүрүүгө бүгүн, таңкы саат 07:30да КР ӨКМнин Кара-Кулжа райондук №66 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 20 куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий