• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Токмокто куткаруучулар манжалары темир торчого кыпчылып калган кызга жардам беришти

Кырсык 0

Бишкек, 21.08.20. /Кабар/. Токмок шаарындагы Жантаев көчөсүндө 10 жашар кыздын эки манжасы темир торчого кыпчылып калган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жерине келген куткаруучулар кызга жардам беришкен. Өткөн сутка ичинде куткаруучулар ошондой эле Бишкек жана Жалал-Абадда жабылып калган эшиктерди ачып беришкен.

Пикир

Оставить комментарий