• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Дордой базарында өрт чыкты - ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 02.10.18. /Кабар/. "Дордой" базарында өрт чыкты, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, өрт чыккандыгы тууралуу маалымат өрт кызматына болжол менен саат 17:50лөр чамасында түшкөн. Базардагы контейлерлердин биринен жалын чыгып, 18:37де толугу менен өчүрүлгөн.

Тилсиз жоодон жабыркагандар жана каза болгондор жок.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана канча аянт күйүп кеткендиги такталууда.

Пикир

Оставить комментарий