• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 12.04.21. /Кабар/. Бишкекте жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-апрелде саат 21:30дар чамасында “102” кызматына Чортеков көчөсүнөн жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери жөнөтүлгөн. Анда Чортеков көчөсү менен Кара-Кужур көчөлөрүнүн кесилишиндеги жөө өтмөктөн 20 жаштагы Н.Б. аттуу кызды белгисиз айдоочу сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткени аныкталган.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, шектүү катары 58 жаштагы “Тойота Раф 4” үлгүсүндөгү унаанын К.Ж. аттуу айдоочусун кармашкан.

Шектүү Бишкек милициясынын тергөө кызматына өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий