• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кара-Балта шаарындагы батирлердин биринен 82 жаштагы пенсионердин сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 02.02.22. /Кабар/. Кара-Балта шаарындагы батирлердин биринен 82 жаштагы пенсионердин сөөгү табылды. Бул тууралуу КР ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Ведомствонун маалыматына караганда, куткаруучулар Бейшеналиев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен.

"Батирдин ичинен 82 жаштагы М.А., аттуу эркек кишинин сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Эшик ачууга Жайыл райондук №22 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылган", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий