• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акча алуу максатында. Султанбаев телефондук алдамчылык фактылары көбөйгөндүгүн билдирди

Коом 0

Бишкек, 19.06.23. /Кабар/. Акыркы убакта белгисиз бирөөлөр акча каражатын алуу максатында өздөрүн жогорку кызматтагы адамдарбыз деп тааныштырган телефондук алдамчылык фактылары кайрадан көбөйдү. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Ал билдиргендей, анын ичинде өздөрүн президенттин басма сөз катчысы деп тааныштырган учурлар да катталууда.

"Алдамчылардын “курмандыктары” көбүнчө мамлекеттик кызматкерлер. Аларга телефон чалып, өлкөнүн жогорку жетекчилиги катышчудай ар кандай иш-чараларга чакырып, же аларга кызматтан көтөрүүнү сунушташат.

Ишенимге ээ болуу менен шылуундар алдамчылык жолу менен өздөрүнүн “курмандыктарынан” акча алышат", - деди ал.

Султанбаев буга байланыштуу дагы бир жолу бардык жарандарга, өзгөчө мамлекеттик кызматкерлерге мындай шылуундардын жетегинде жүрбөөнү, мындай көрүнүштөр орун алган учурда тез арада укук коргоо органдарына кайрылууну эскертти.

Президенттин басма сөз катчысы учурда компетенттүү органдарга телефон аркылуу алдамчылык кылгандарды ыкчам аныктоо тапшырмасы берилгендигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий