• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аксакалдар кеңеши парламентти таркатууну жана конституциялык реформаны жүргүзүүнү талап кылууда

Коом 0

Бишкек, 29.10.20. /Кабар/. Өлкөнүн аксакалдар кеңеши парламентти таркатууну жана конституциялык реформаны жүргүзүүнү талап кылууда. Бул тууралуу аксакалдар кеңешинин төрагасы Бердибек Жумабаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү курултайдын максаты – 5-6-октябрдагы окуялардан кийин өлкөдөгү абалды турукташтыруу үчүн ал окуялар эмне себептен болгонун элге түшүндүрүү.

"Иш-чарага катышуу үчүн өлкөнүн бардык региондорунан аксакалдарды, активисттерди, элдик кыймылдардын, уюмдардын өкүлдөрүн чакырдык. Курултайга президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун өкүлү катышууда. Жыйындын соңунда резолюция кабыл алынат", - дейт ал.

Жумабаев кыргыз коомунун жаңы барагын ачып жатканын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий