• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Абакир Мамытов билим берүү министринин кеңешчиси болуп дайындалды

Коом 0

Бишкек, 29.10.20. /Кабар/. Абакир Мамытов билим берүү жана илим министринин коомдук башталгычтагы кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Мамытов Абакир Мамытович 1954-жылы туулган, жогорку билимдүү, педагогика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз билим берүү академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер.

Билим берүү жана илим министринин буйругу менен Абакир Мамытов министрдин коомдук башталгычтагы кеңешчиси болуп бекитилди.

Пикир

Оставить комментарий