• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

АКШда 65 жыл чогуу жашаган жубайлар бир күндө каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 21.01.20. /Кабар/. АКШнын Сент-Луис шаарындагы карылар үйүндө 65 жыл чогуу жашаган жубайлар бир күндө каза болду. Бул тууралуу St. Louis Post-Dispatch гезити жазып чыкты.

Чогуу жашаган 86 жаштагы Харриет Моррисон жана анын жубайы 83 жаштагы Жек 11-январда көз жумган.

Гезиттин маалыматында, карылар үйүндө жубайлардын керебети бири-бирине жакын жайгашкан. Экөө колдорун кармашып жатуу үчүн ушундай кылынган.

Харриет жана Жек 1955-жылы таанышып, бир жылдан кийин баш кошуп, эки балалуу болушкан.

Карылар үйүнө жубайлар бир жыл мурун оорунун айынын келип түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий