• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

АКШда интервью учурунда журналист кызды өпкөн боксчу лицензиясынан айрылды

Дүйнө 0

Бишкек. 17.05.19 /Кабар/. АКШда интервью учурунда журналист Дженифер Равалону өпкөн болгариялык боксчу Кубрат Пулев алты айга лицензиясынан айрылды. Мындай чечимди Калифорния штатынын спорттук комиссиясы кабыл алды, - деп жазат euronews.com.

Маалыматка ылайык, окуя быйыл март айында болгон. Оор салмактагы боксчу Кубрат Пулев беттеш өткөрүп, румыниялык Богдан Динуну жеңген соң, интервью алып жаткан журналист кызды оозунан өөп жиберген.

Кубрат Пулев достук катары жылуу өөп койгонун, журналист кыз аны туура эле кабыл алганын билдирген.

Ал эми журналист Дженифер Равало спортчунун айтканы калп, ал мени өбүшүн каалаган эмесмин, боксчуга каршы чара көрүлүш керек, деди.

Пулевдин адвокатынын айтымында, журналист кыз бул окуяга өтө деле капа болгон эмес, анткени кийинчерээк – ошол эле күнү Женифер Равало спортчунун жеңишине арналган оюн-зоок кечесинде болгон.

Эми Кубрат Пулев атайын курстан өтүп, 2500 доллар өлчөмүндөгү айып пул төлөөгө милдеттендирилди.

Пикир

Оставить комментарий