• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аксынын Жергетал айылында жаңы бала бакча ачылды

Аймак 0

Бишкек, 13.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 13-октябрда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жергетал айыл аймагына караштуу Жергетал айылында 50 орундуу бала бакчанын ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинен (АРИС) билдиришти.

Иш-чарага Аксы районунун акими Замир Сыдыков, АРИСтин аткаруучу директору Бекжан Супаналиев, АРИСтин аймактык өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

Бала бакчанын имараты бир корпустан турат жана бардык керектүү эмерек, техника жана жабдуулар менен жабдылган. Ошондой эле бала бакчада кубаттуулугу 100 квт болгон трансформатордук подстанция, оюндар үчүн аянтча, кѳрктѳндүрүү жана жашылдандыруу иштери каралган. Курулуштун жалпы аянты 2500 чарчы метрди түзөт.

Бала бакча КР коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин “Коммуналдык инфраструктураны каржылоо (ПСИ-KfW) 3-этап” долбоору тарабынан курулган.

Объекттин наркы 14 564 697 сом. Анын ичинен донор тарабынан берилген грант 12 564 699 сом, ал эми айыл өкмөтүнүн салымы 1 999 998 сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий