• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад шаарындагы Михаил Бабкин көчөсүн кеңейтүү иши башталды

Аймак 0

Бишкек, 07.07.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы узундугу 1 чакырымды түзгөн Михаил Бабкин көчөсү кеңейтилип жатат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда аталган көчөнүн айрым жерлери 4-5 метр болуп, унаалардын кыймылына тоскоолдук жаралып келет. Ал эми жол кеңейгенден кийин жолдун унаалар жүрүүчү негизги бөлүгү 7 метрди түзүп, эки тарабына тротуар курулуп, темир-бетон арык куурларын жаткыруу жана жарыктандыруу иши жүргүзүлөт.

"Жолду кеңейтүүнүн алкагында бир катар үйлөрдүн курулуштары буздурулуп, жергиликтүү бийлик тарабынан менчик ээлерине компенсация төлөп берилет",- деп белгилешти мэриядан.

Михаил Бабкин көчөсүн кеңейтүү Жалал-Абад шаарын өнүктүрүү үчүн республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2 млрд сом акча каражатынын эсебинен каржыланат.

Белгилей кетсек, 2023-жылы Жалал-Абад шаарында жалпы 13 чакырым тротуарга жана 20 чакырым жолго асфальт төшөө пландалган. Мындан сырткары, шаардан “Жалал-Абад” санаториясына чейин веложол курулат.

Пикир

Оставить комментарий