• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

7-июлга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 07.07.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында 7-июлга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Кыргызстандын көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын каттуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +26…+31, Талас облусунда +23…+28, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28…+33, Ысык-Көл облусунда +24…+29, Нарын облусунда +20…+25 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанына температурасы +27…+29 градуска жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий