• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Активисттер кыргыз-казак чек арасындагы абалга кыргыз парламенти үн катпаганына таң калууда

Коом 0


Бишкек, 30.10.17 /Салтанат Абдраева – Кабар/. Активисттер кыргыз-казак чек арасында оор кырдаал болуп жаткан учунда кыргыз парламенти үн катпай отурганына нааразы болушууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өтүп жаткан жыйында “Элдик бирикмелер кеңешинин” төрагасы Алга Кылычев билдирди.

Анын айтымына караганда, учурда кыргыз-казак чек арасында түзүлгөн кырдаалды чечүү иш-чаралары Кыргызстан өкмөтү жана президент тарабынан гана жүргүзүлүүдө.

“Эмне үчүн парламент үн катпайт? Элдер аларды элдин көйгөйүн чечиши үчүн шайлаган. Бул бир гана өкмөткө же президентке керепби, ал эми ЖК депутаттарына кереги жокбу? Бизге мындай парламенттин эмне кереги бар? Же алар бир гана чек ара аркылуу өздөрүнүн мунай заттарын жана башка азык-түзүктөрүн өткөрө турган мыйзамдарды кабыл алып коюшту бүтүүбү ошо менен?”,-деп таң калды активист.

Уюмдун мүчөсү Тариэль Искаков билдиргендей, депутаттарда патриоттук сезим деген жок, азыр алар жылуу креслолорунда отуруп, балыкка окшоп үн катпай отурушат. Премьер чуркап макулдашуу аракеттерин көрүп жатат, ал эми президент болсо, чек арада турган ишкерлердин тамак ашына миллион сом бөлдү. Парламент эмне кылып жатат? 120 депутат маселени чечүүгө көмөк көрсөтүп, акча бөлүп койсо болот эле.

Эске сала кетсек, 2017-жылдын 10-октябрында кыргыз-казак чек арасында жарандарды, унааларды өткөрүү эрежеси татаалдашкан.

Пикир

Оставить комментарий