• 88.68
  • 95
  • 0.95

Стамбулда дээрлик эки аптадан бери дайынсыз болуп жаткан кыргызстандык кыз табылды

Коом 0

Бишкек, 05.07.23. /Кабар/. Стамбулда дээрлик эки аптадан бери дайынсыз болуп жаткан 20 жаштагы кыргызстандык Жазгүл Шамуратова аман-эсен табылды. Бл тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, Шамуратова 5-июлда КР ИИМ башчысынын жана Түркиянын ички иштер министринин орун басары жана Түркия ИИМдин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен биргеликтеги аракеттеринин жыйынтыгында табылган.

Учурда Стамбул шаарынын Кадыкөй райондук полиция бөлүмүндө Жазгүл Шамуратованын жоголуп кеткендигинин себептери такталууда.

Белгилей кетсек, 24-июнда КРнын Стамбулдагы Башкы консулдугуна КРнын А.Ж., аттуу жараны кайрылып, кызын табууда жардам сураган. Анын айтуусунда, Ж.Ш., аттуу кызы Стамбул аркылуу Болгариянын Варна шаарына бараткан, бирок эки күндөн бери байланышка чыккан эмес.

Пикир

Оставить комментарий