• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда супермаркеттин алдында ызы-чуу салган жигиттер кармалды

Аймак 0

Бишкек, 05.07.23. /Кабар/. Жалал-Абадда супермаркеттин алдында ызы-чуу салган жигиттер кармалды. Алар Жалал-Абад шаарынын 21 жаштагы төрт тургуну.

Облустук милициянын маалыматына караганда,2-июль күнү болжол менен саат 20:00дөр чамасында шаардагы супермаркеттин биринин алдында топ балдар ызы-чуу салып жаткандыгы боюнча милицияга билдирүү түшкөн.

Бул окуя Жалал-Абад ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган.

Аталган окуяга катыштыгы бар делип кармалган 4 жигит милиция бөлүмүнө жеткирилип, учурда окуянын калган катышуучуларын аныктоо иштери жүрүүдө.

Алдын ала маалыматтар боюнча, ызы-чуу ич ара пикир келишпестиктен улам келип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий