• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Панфилов райондук милициясы тарабынан алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 17.06.21. /Кабар/. Панфилов райондук милициясы тарабынан жарандардын коопсуздугун жана кылмыштуулукту болтурбоо үчүн алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жай мезгили башталгандан тарта Чүй облусунун аймагындагы эс алуучу жайларда эс алган жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө.

Панфилов РИИБнин кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы унаасы менен Суусамыр өрөөнүндөгү эс алуучуларга алдын алуу иштерин жүргүзүштү.

Милиция кызматкерлери эс алуучу жайлардын жетекчилери жана эс алуучулары менен жолугушуп, эс алуу учурунда коопсуздук эрежелерин сактап, кылмыштуулукту алдын алуу тууралуу эскертишти.

Андан сырткары, Панфилов РИИБнин кызматкерлери малчылар менен жолугушуп, милициянын аймактык тескөөчүлөрүнүн жана РИИБнин байланыш номерлерин калтырышты.

Мындай алдын алуу иш-чаралары Чүй облусунун бардык райондорунда жургүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий