• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өмүралиев Түркия жана Араб өлкөлөрүнүн ишкерлер ассоциациясынын төрагасы менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 09.07.21. /Кабар/. Кечээ, 8-июлда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркия жана Араб өлкөлөрүнүн ишкерлер ассоциациясынын (TURAB) төрагасы Фахри Куш башында турган аталган уюмдун ишкерлери менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз ишкерлери менен TURAB уюмунун мүчөлөрү-ишкерлеринин ортосунда соода-экономикалык байланыштарды түзүү маселелерин талкуулашты.

Элчи Өмүралиев Кыргызстандын инвестициялык потенциалы жөнүндө айтып, Ассоциациянын ишкерлерин Кыргызстандын экономикасынын энергетика, айыл чарба, тоо-кен жана башка тармактарына инвестициялоого чакырды. "Кыргызстанда өндүрүлгөн товарларды ЕАЭБдин 180 млн кишилик базарына, ошондой эле ЖПС+ жана ЖПС программаларынын алкагында Европа биримдигине 6 миң 200 жана АКШга 3 миң 200 товардын түрлөрүн бажы төлөмдөрсүз экспорттоо мүмкүнчүлүгү бар. Ошондой эле биздин мамлекетте салыктар жана бизнес жүргүзүү үчүн чыгымдар төмөн жана 68 мамлекеттин жарандары үчүн визасыз режим кигизилген",-деп белгиледи ал.

К.Өмүралиев эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланыштарды түзүүгө көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирип, аталган уюмдун компанияларын 2021-жылдын 6-августунда Кыргызстандагы Чолпон-Ата шаарында өткөрүү пландалып жаткан Кыргыз-Түрк бизнес-форумуна катышууга чакырды.

Ф.Куш берилген маалымат үчүн ыраазычылыгын билдирип, TURAB бизнесмендери эки өлкөнүн ишкерлеринин келечектеги бизнес-форумдарына жана B2B жолугушууларына катышууга даяр экендигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий