• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкек-Ош унаа жолунда 23 тонна кум шекер жүктөлгөн фура күйүп кетти (сүрөт)

Кырсык 0

Бишкек, 30.10.17./Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунда 23 тонна кум шекер жүктөлгөн фура күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 29-октябрда болжол менен саат 06:05 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 237-чакырымында фура жүк ташуучу унаадан өрт чыгып, 23 тонна кум шекер, унаанын 6 даана дөңгөлөгү күйгөн.

Өрттүн себеби автотранспорттук техникаларды пайдаланууда өрт коопсуздугу эрежелеринин бузулушу.
Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин 2 бөлүм тартылган.

Пикир

Оставить комментарий