• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров АКШнын элчиси Лесли Вигерини кабыл алды

Өкмөт 0

Бишкек, 22.02.23./Кабар/. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лесли Вигерини кабыл алды.

Министрлер Кабинетинин башчысы Лесли Вигерини Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, кыргыз тараптын кыргыз-америка кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин ырастады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар «жашыл» экономика, климаттык күн тартиби, маалымат технологиялары жана креативдүү экономика жаатындагы долбоорлорго өзгөчө көңүл буруп, эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулады.

Тараптар соода-экономикалык чөйрөдөгү мүмкүнчүлүктөрдү белгилеп, бул багыттагы иштерди активдештирүүнү жакташты.

Өз кезегинде АКШ элчиси эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө багытталган күч-аракеттерди жумшоого даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий