• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акылбек Жапаров Баткен облусунун аскер бөлүктөрүнүн абалы менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкее, 21.02.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Баткен облусунун Баткен районундагы аскер бөлүктөрүнүн абалы менен таанышты.

Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдиргендей, Акылбек Жапаровго аскердик техника жана аскер кийимдери көрсөтүлдү.

Өз кезегинде министрлер кабинетинин төрагасы жоокерлерге кайратман кызмат өтөөсү үчүн ыраазычылык билдирип, министрлер кабинетинин атынан Ардак грамоталарды жана министрлер кабинетинин төрагасынын энчилүү сааттарын тапшырды.

Күндүн соңунда Акылбек Жапаров КР Финансы министрлигинин бажы кызматынын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери менен жумушчу кеңешме өткөрүп, анда 2022-жылга карата милдеттер жана пландар белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий