• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров Бишкектеги штамптоочу заводдун бир катар өндүрүштөрү менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 18.12.22. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Бишкек штамптоочу заводу» мамлекеттик ишканасына барды.

Ал өндүрүштүк жайларды кыдырып чыгып, чыгарылган продукциялар менен таанышты.

Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин чечими менен заводдун өндүрүштүк цехтери өнөр жайды модернизациялоо жана мамлекеттик активдерди натыйжалуу башкаруу, ошондой эле республикалык маанидеги мамлекеттик программаларды жана милдеттерди ишке ашыруу, социалдык маанидеги долбоорлорго жана демилгелерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында «Кыргызиндустрия» ачык акционердик коомуна убактылуу пайдаланууга берилген.

Заводдун аймагында «Кыргызиндустрия» ачык акционердик коому ишке ашырып жаткан бир катар долбоорлор иштейт.

Атап айтканда, министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров «Кыргызтопчу» жоопкерчилиги чектелген коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты, анда сыдырма жана топчу чыгаруучу өндүрүштүк линияны уюштуруу аркылуу тигүү буюмдарын чыгаруу жолго коюлган, мындан тышкары мык өндүрүү боюнча - «Кыргызтемирмык», эсептөөчү техниканы жана микроэлектрониканы, көп функционалдуу приборлорду чыгаруучу «Кыргызэлектроника», уй куруу панелдеринин толук ассортиментин чыгаруучу «Кыргызбетонкурулуш» жоопкерчилиги чектелген коомдорунун иши менен таанышты.

Министрлер кабинетинин төрагасы өлкөнүн өнөр жай потенциалын өнүктүрүү максатында «Кыргызиндустрия» ачык акционердик коомун каржылоо алкагында башталган долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий