• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акылбек Жапаров жана Mubadala Investment Company альтернативдик энергетиканы өнүктүрүү маселесин талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 12.12.22./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы – КР президентинин администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Mubadala Investment Company компаниясынын башкы директорунун орун басары – башкаруучу директору Хомад Аль Шиммари менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргызстанда альтернативдик энергетиканы, туризмди, курулушту, логистиканы, телекоммуникацияларды жана жогорку технологияларды өнүктүрүүгө ири инвестиция тартуунун келечеги талкууланды.

Министрлер кабинетинин башчысы республика эмираттык компаниялардын экономиканын бардык тармактарында орун алышына кызыкдар экендигин жана узак мөөнөттүү кызматташууга даяр экендигин белгиледи.

Өз кезегинде Хомад Аль Шиммари эки тараптуу мамилелерди өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча өнүктүрүүгө даяр экендигин ырастады.

Маалымат үчүн: Mubadala Investment Company – Бириккен Араб Эмираттарында жана чет өлкөлөрдө активдердин жана инвестициялардын диверсификацияланган портфелин башкарган инвестициялык компания.

Компания негизинен жогорку технологиялар, телекоммуникациялар, энергетика, саламаттыкты сактоо, кыймылсыз мүлк, инфраструктура, билим берүү, илим тармактарында иш алып барат жана инвестициялайт жана дүйнөнүн 50дөн ашык өлкөсүндө өкүлчүлүгү бар.

Мубадала 243 млрд АКШ долларлык активге ээ жана башкы кеңсеси Абу-Дабиде жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий