• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте Коррупцияга каршы күрөшүү күнүнө карата интеллектуалдык оюн өттү

Коом 0

Бишкек, 12.12.22. /Кабар/. Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата президентке караштуу Антикоррупцияга каршы ишкердик кеңеши Quiz Night интеллектуалдык оюнун өткөрдү. Бул тууралуу аталган ведомстводон кабарлашты.

Маалыматка ылайык, интеллектуалдык оюнга мамлекеттик органдардагы коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, бизнес ассоциациялардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнөн турган 10 команда катышты.

Иш-чаранын соңунда коррупцияга байланыштуу берилген суроолорго туура жооп берип, байгелүү орунду багындырган командаларга ардак грамоталар жана баалуу белектер тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий