• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте адам өлтүрүүгө шектүү 3 жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.12.22. /Кабар/. Бишкекте денеге оор залал келтирүүгө шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-декабрда саат 09:30да "102" кызматына борбордук өлүкканадан чалуу болуп, аларга белгисиз адамдын сөөгү түшкөнүн айтышкан.

Милиция кызматкерлери тарабынан каза болгон жарандын өздүгү аныкталган. Ал 1969-жылы туулган А.А. болуп чыккан. Анын денесинен жаракаттар аныкталган.

Аталган факты Ленин райондук милициясына каттоого алынып, КР Кылмыш-жаза кожексинин "Денеге оор залал келтирүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Бишкек шаардык жана Ленин райондук милиция кызматкерлери тарабынан шектүүлөр аныкталып, 1971-жылы туулган К.С., 1991-жылы туулган Ы.У. жана 1986-жылы туулган И.В.лар кармалган. Сот кармалгандарга карата 1 айга камоо чечимин кабыл алды.

Учурда бардык зарыл экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий