• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Акылбек Жапаров Бишкектеги мектептердин курулушун тездетүүнү тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 12.08.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы бир катар мектептердин курулушунун жүрүшүн текшерди.

Министрлер кабинетинин төрагасы №6 автордук окуу комплексинин аймагындагы спорттук жана актовый залдары бар окуу корпусунун, №40 орто мектеп үчүн кошумча окуу корпусунун, ошондой эле шаардагы «Ак-Босого», «Көлмө» жана “Ак-Ордо” конуштарындагы орто мектептердин курулушу менен таанышты.

«Курулуш иштери өз мөөнөтүндө бүтүшү үчүн кошумча адистерди жана техникаларды тартуу менен анын жүрүшүн тездетүү зарыл. Курулуштун сапатын көзөмөлдөө да күчөтүлөт. Көбүнчө калктуу конуштарда жайгашкан мектептер зарыл болгон бардык коопсуздук стандарттарына жооп бериши керек. Балдар үчүн ыңгайлуу жана жагымдуу окуу чөйрөсүн түзүү маанилүү”, - деген Акылбек Жапаров тиешелүү түзүмдөргө бир катар тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, учурда борбордо КР президентинин тапшырмасы менен 15 билим берүү мекемеси жана кошумча окуу корпустары, ошондой эле 1 бала бакча курулуп жатат.

Маалымат үчүн: № 6 автордук окуу комплексинин аймагындагы спорттук жана актовый залдары бар окуу корпусу 620 окуучуга ылайыкталган. Долбоорлоочу имараттын жалпы аянты 2040,1 м2, сметалык баасы 87631,8 миң сомду түзөт.

Ак-Босого конушунда жалпы аянты 5022 м2 түзгөн мектеп 660 окуучуга ылайыкталган. Окуу корпусу негизги жана көмөкчү жайлардын бардык комплекттери менен (класстар, ашкана, актовый зал, жуунучу бөлмөлөр, спорт залы) долбоорлонгон. Объекттин сметалык баасы 355554,8 миң сомду түзөт.

«Көлмө» конушундагы жалпы аянты 2309 м2 мектеп 380 окуучуга ылайыкталган. Окуу корпусу негизги жана көмөкчү жайлардын бардык комплекттери менен (класстар, ашкана, актовый зал, жуунучу бөлмөлөр, спорт залы) долбоорлонгон. Объекттин сметалык баасы 170304,0 миң сомду

«Ак-Ордо» конушундагы жалпы аянты 5519,0 м2 түзгөн мектеп 750 окуучуга ылайыкталган. Окуу корпусу негизги жана көмөкчү жайлардын бардык комплекттери менен (класстар, ашкана, актовый зал, жуунучу бөлмөлөр, спорт залы) долбоорлонгон. Мектептин сметалык баасы 246343,8 миң сом.

№40 орто мектептин кошумча окуу корпусу 500 окуучуга ылайыкталган. Жалпы аянты 4137 м2. Окуу корпусу спорт аянтчалары менен (футбол, волейбол, баскетбол, воркаут ж.б.) долбоорлонгон. Сметалык баасы 299333,1 миң сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий