• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров “Иннопром Казакстан” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 25.09.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Астана шаарына (Казакстан Республикасы) болгон жумуш сапарынын алкагында “Иннопром Казакстан” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

“Жаңы мезгилдин өнөр жай стратегиялары” пленардык жыйынында сүйлөгөн сөзүндө МинКаб Төрагасы экономиканын негизи болгон өнөр жай сектору “салттуу түрдө өлкөлөрдүн өнүгүүсүнүн жалпы курсун аныктайт” деп белгиледи.

“Иннопром биздин өлкөлөрүбүздүн инновациялык жана өнөр жайдын потенциалын ырааттуу өнүктүрүүгө биздин жалпы умтулуубуздун далили. Кыргызстан ар дайым аймактык кызматташтыктын эбегейсиз зор маанисин түшүнүп келет жана өзгөрүп жаткан дүйнөнүн азыркы динамикасы бизден салттуу өнөктөштөр катары саясий эркти жана өнөр жай кооперациясына, жашоонун бардык чөйрөлөрүндө адилет интеграцияга карай биргелешкен чечкиндүү аракеттерди талап кылат”, – деди Акылбек Жапаров.

Ал ошондой эле өнөр жайды жана экономика тармактарын өнүктүрүү боюнча комплекстүү чараларды көрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, “дүйнөдөгү жаратылыш ресурстарынын тез түгөнүп жатышы азыркы замандын башка чакырыктары менен бирге бизден дагы натыйжалуу кадамдарды жасоону жана пайдалуу чечимдерди кабыл алуу талап кылынаарына” көңүл бурду.

“Биз ойлоп жаткан өнөр жайды кайра куруунун жаңы перспективалары адамзаттын жашоо деңгээлин жогорулатуу, көптөгөн актуалдуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн эбегейсиз зор потенциалды ачып берип, ошол эле учурда жаңы көйгөйлүү маселелердин чыгышына жол ачат. Бир жагынан, заманбап чечимдер менен көрсөтүлгөн логистика күчтүү өнүгүүгө ээ болот. Жалпысынан ресурстарды, анын ичинде жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу жогорулайт. Экономика ачык-айкын болуп, алдын ала айтууга болот, анын өнүгүүсү тез жана системалуу болот”, – деди министрлер кабинетинин төрагасы.

Акылбек Жапаров адам эмгегинин баасынын төмөндөшүнө алып келген роботтук чечимдердин пайда болушунан келип чыккан учурдагы технологиялык тобокелчиликтерге токтолду.

“Адамдык капиталды өнүктүрбөстөн, жогорку квалификациялуу эмгек рыногуна кирүү үчүн чечилгис тоскоолдуктар түзүлүп, натыйжада алардын эмгеги аз акы төлөнүүдө жана адам муну оңдоо мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт. Мамлекеттердин жана коомчулуктардын өнүгүү деңгээлинин ортосунда ажырым өсүп жатат, муну биз бүгүн көрүп жатабыз”, – деген Акылбек Жапаров, “төртүнчү өнөр жай революциясынын” пайдасын максималдуу пайдалануу үчүн дайыма адамдын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ачуу, жеке кызыкчылыктарга инвестициялоо, потенциалды өнүктүрүү жана жогорулатуу зарыл” экенин кошумчалады.

Сөзүнүн аягында министрлер кабинетинин башчысы энергетика жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн суу ресурстарын сактоо жана сарамжалдуу пайдалануу маанилүү экенин белгиледи.

“Биз өз аймагыбызда экологиялык жактан таза энергия булагы болгон ГЭСтерди куруу боюнча бир катар долбоорлорду акырындык менен ишке ашырууну көздөп жатабыз. Кыргызстанда ГЭСтерди куруу долбоорлорун ишке ашыруу региондогу мамлекеттердин гидроэнергетикага болгон муктаждыктарын канааттандырат жана ошону менен биздин өлкөлөрдүн туруктуу өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт. Ушуга байланыштуу бүгүнкү көргөзмө соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү үчүн келечектүү аянтчалардын бири болуп саналат”, – деп сөзүн жыйынтыктады министрлер кабинетинин төрагасы.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 25-сентябрынан 27-сентябрына чейин Астана шаарында “ИННОПРОМ Казакстан” эл аралык өнөр жай көргөзмөсү өткөрүлүүдө, ал машина куруу, кеме куруу, станок куруу, химия, металлургия, текстиль жана авиация өнөр жайларына арналган. Көргөзмөдө дүйнөнүн 20дан ашуун өлкөнүн алдыңкы өнөр жай жана инновациялык компаниялары өз экспозицияларын тартуулашат.

Пикир

Оставить комментарий