• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте Бакен Кыдыкееванын 100 жылдыгына арналган эл аралык театралдык фестиваль ачылды

Маданият 0

Бишкек, 25.09.23. /Кабар/. Бүгүн Бишкектег СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкееванын 100 жылдыгына арналган IX эл аралык “ART-ORDO – 2023” театралдык фестивалы салтанаттуу ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Фестивалга Кыргызстан, Азербайжан, Россия, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Каракалпак театрлары акыркы эки жылда коюлган бир же эки спектакль менен бир же эки театр тобу менен катышууда.

Театр ишмерлеринин башын бириктирген эл аралык фестивалга Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раев, маданият жана искусство ишмерлери жана фестивалга катышып жаткан театрлардын эмгек жамааттары катышты.

Салтанаттуу ачылышта сөз сүйлөгөндөр СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкееванын театрга арнаган бүтүндөй өмүрү, анын жаркын элеси, аткарган образдарын жана трагедиялуу тагдырын эскерип, таазим кылышты.

Мындан сырткары, даңазалуу актрисанын ысымы жеке гана кыргыз элинде эмес, жалпы түрк дүйнөсүнө белгилүү экендиги, атагы алыска кеткен актрисанын жаркын образдары күнү бүгүнкүдөй сахнадан жана экрандардан түшпөй келгендиги, анын оор тагдырына арналган спектаклдер жарык көрүп, ырлар ырдалып жатканы, тогузунчу ирет өтүп жаткан эл аралык театралдык фестиваль Бакен Кыдыкееванын 100 жылдыгына арналып жатканы ага болгон урмат жана сый катары белгилешти.

Аны менен катар 2023-жыл ТҮРКСОЙ эл аралык уюму тарабынан Бакен Кыдыкееванын жылы катары жарыяланганы айтылып, маданий иш-чаралар жалпы түрк дүйнөсүндө өтө тургандыгы белгиленди.

ART-ORDO – 2023” эл арлык театралдык фестивалдын салтанаттуу ачылышы Бакен Кыдыкееванын жараткан ролдорунан турган атайын коюлум менен башталып, ал жараткан образдар калың элдин назарына сунушталды.

Эске салсак, фестиваль Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргызстан театр ишмерлери союзу тарабынан уюштурулуп, Түрк маданиятынын эл аралык уюму ТҮРКСОЙ тарабынан колдоого алынууда.

Фестивалдын максаты – театралдык искусствону жайылтуу, көрүүчүлөрдүн жаш муунун заманбап сахналык искусствонун мыкты үлгүлөрүнө тарбиялоо, театр ишмерлеринин кесиптик тажрыйба алмашуусуна дем берүү, алардан коомдогу ордун жогорулатуу жана дүйнөлүк маданий мейкиндикке интеграциялоо болуп саналат.

ART-ORDO 2023” фестивалы сынактык негизде өтүп, калыстар тобу тарабынан бааланат. Калыстар тобунун курамына фестивалга катышкан өлкөлөрдүн алдыңкы театр ишмерлери (сынчылар, театр таануучулар, драматургдар, режиссерлор, актерлор жана сценографтар) кирди.

Фестивалда “Мыкты спектакль”, 1,2,3 – орундар, “Мыкты режиссура”, “Мыкты сценография”, “Мыкты музыкалык коштоо”, “Эркектин мыкты ролу”, “Аялдын мыкты ролу”, “Экинчи пландагы мыкты актер”, “Экинчи пландагы мыкты актриса”, “Мыкты актёрдук ансамбль”, “Мыкты эпизоддук роль”, “Мыкты дебют”, “Көрүүчүлөрдүн арзуусу” жана “Калыстар тобунун атайын сыйлыгы” номинациялары мыктыларга тапшырылат. Ошондой эле, фестивалдын калыстар тобунун чечими боюнча фестивалдын катышуучуларына атайын сыйлыктар ыйгарылышы мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий