• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте француз-немис маданий борборун ачуу маселеси талкууланды

Маданият 0

Бишкек, 08.02.22. /Кабар/. Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Франциянын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делаусту кабыл алды, - деп билдирет министрликтин басма сөз кызматы.

Министр элчини жылуу кабыл алып, кинематография тармагындагы мамилелердин өнүгүп жатканын белгилеп, министрликтин алдындагы Кино департаменти Франциядагы беделдүү Канн кинофестивалынын «А» классынын эл аралык кино рыногунда кыргыз киносунун стендин салтанаттуу ачуу боюнча иштерди жүргүзгөнүн белгиледи.

Канн кино рыногундагы иш-чараларга катышкан кыргызстандык кинорежиссерлор тобу Кыргызстандын стендин, кинодолбоорлорду, кино көрсөтүүлөрдү тартуулап, дүйнөлүк кинофестивалдардын өкүлдөрү менен биргеликте фильмдерди тартуу жана жайылтуу боюнча бизнес жолугушуулары өткөнү менен бөлүштү.

Ошондой эле жолугушууда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Франциянын өкүлдөрүнүн активдүү катышуусу, 2014-жылдан бери элчиликтин маданий оператору болуп келген Бишкектеги Француз альянсынын алкагында тараптардын кызматташтыгы айтылды.

Элчи өз кезегинде Кыргызстанда француз маданиятын өнүктүрүүгө көрсөткөн колдоосу үчүн министрге ыраазычылык билдирип, 2019-жылы Кыргызстанга 9 миңге жакын франциялык туристтер келгенин жана жыл сайын кыргыздардын жашоо-турмушуна болгон кызыгуу артып баратканын белгилеп, Кыргызстандын өзүнүн бренди – көчмөн маданияты, жаратылыш шарттары жана улуттук тамак-ашы менен кызыктыра турганын белгиледи.

Ошондой эле элчи министрге Бишкекте француз-немис маданий борборунун ачылышы тууралуу маалымат берди. Бүгүнкү күндө Борбордун концепциясы иштелип чыгууда, ал келечекте француз жана немис маданияттарын көрсөтүү катары эмес, кыргыз- француз жана немис маданияттарынын бекемделген жана тыгыз өнөктөштүгү катары кызмат кылышы керектигине токтолду.

Элчи ушул жылдын ноябрында пландалып жаткан иштер тууралуу айтып, Француз жана немец киносунун кинофестивалы өтө турганын кошумчалады.

Андан ары тараптар 1992-жылдын 29-февралында Кыргызстан менен Франциянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгынын алкагында пландаштырылган иш-чараларды талкуулашты.

Француз тарап француз-кыргыз достугунун концертин, ошондой эле элчиликтин илимий кызматкери жана Франциянын Борбордук Азияны изилдөө институтунун илимий кызматкери болуп иштеген Аллес мырзанын илимий конференциясын өткөрүүнү сунуштап, 1906-жылы Кыргызстанга келген француз окумуштуусу Поль Пеллио, француз фотографы Шарль Нуэттин экспедициясы учурунда тартылган сүрөттөрдүн бет ачарын көрсөтүү пландалып жатканын айтты.

Өз кезегинде министр башка элдердин маданиятын изилдөөнүн маанилүүлүгүн белгилеп, француз элин Кыргыз Республикасынын туристтик потенциалы менен кеңири тааныштыруу максатында Кыргызстанга чакыруу үчүн белгилүү франциялык блогерлер менен байланыш түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Мындан тышкары, француз-герман маданий борборунун ачылышына байланыштуу мындай борбор Борбор Азия чөлкөмүндө Кыргызстанда гана, ал эми дүйнөдө төртүнчү борбор болорун эске алып, министр кыргыз тараптын анын ишинде колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун соңунда министр 2018-жылы Астанада француз мюзиклинин Нотр-Дам де Пари премьерасын эске салып, мюзиклди Кыргызстанда коюу үчүн оригиналдуу мюзиклдин жаратуучусу Риккардо Кокканте жана анын командасы менен байланыш түзүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады.

Элчи министрге француз маданиятына болгон кызыгуусу үчүн ыраазычылык билдирип, элчилик аталган долбоорду Бишкекте ишке ашырууга күч-аракетин жумшай тургандыгына ишендирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн маданиятынын жана искусствосунун гүлдөп өнүгүшү үчүн кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий