• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров иш сапары менен Кытайга барат

Өкмөт 0

Бишкек, 26.02.24. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Кытайдын Синьцзянь-Уйгур автономдук районуна барат. Бул тууралуу ал Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жыл жыйынтыгын чыгарган коллегиясында билдирди.

Иш сапардын жүрушүндө Акылбек Жапаров СУАРдын бир катар ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышат.

Пикир

Оставить комментарий