• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Байсалов: Коронавирустун жаңы “омикрон” штаммы Кыргызстандын бүт аймагына жайылды

Өкмөт 0

Бишкек, 19.01.22. /Кабар/. Коронавирус инфекциясынын жаңы “омикрон” штаммы Кыргызстандын бүт аймагына жайылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.

Ал эл өкүлдөрүнө аракеттердин алгоритми өзгөртүлгөнү тууралуу маалымат берди.

“Азыр мектептерди жаап, экономиканы чектесек да эч пайда жок. Омикрон келди, тарады, көпчүлүккө жукту. Эгерде мурда кимдир бирөөдөн коронавирус инфекциясы аныкталса, класстарды, мекемелерди жаап салышкан болсо, азыр андай муктаждык жок”, - деди Байсалов.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары белгилегендей, учурда бардык ооруканалар бейтаптарды кабыл алууга даяр.

“Жаңы штамм жеңил түрдө өтүп жатат, ооругандардын 90 пайызында ооруканага жатууга зарылчылык жок. Мындан тышкары, оорудан кийин табигый иммунитет пайда болот. Илдетти жеңил өткөрүп жаткандардын бардыгын жаткырып койсок, ооруканаларда орун жок калат. Оор ооругандар үчүн бош орундар калбай калат”, — деди ал жана эмдөөнүн маанилүүлүгүн белгилөө менен жарандарды COVID-19га каршы активдүү эмделүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий