• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткен облусуна өзгөчө макам берүү боюнча иштер уланууда - Иманалиев

Өкмөт 0

Бишкек, 17.03.21. /Кабар/. Баткен облусуна өзгөчө макам берүү боюнча иштер уланууда. Бул тууралуу КРнын өкмөтүнүн биринчи кезектеги чаралар тууралуу 100 күндүк планын ишке ашыруу боюнча жыйында КРнын экономика жана финансы министринин орун басары Данияр Иманалиев билдирди.

Анын айтымында, пландын алкагында өзгөчө макам берүү 2021-жылы 1-июнга пландалган.

“Бирок, негизги программага кирбей калган айрым курулуш иштерине байланыштуу белгиленген мөөнөттө аткарылбай калуу коркунучу бар, анткени иш комплексттүү болуп саналат”,-деди ал.

Эскерте кетсек, КР өкмөтүнүн биринчи кезектеги чаралар тууралуу 100 күндүк планынын алкагында социалдык жана экономикалык туруктуулукту камсыздоо боюнча Баткен облусунун эли үчүн жайлуу шарт түзүү жана жашоо сапатынын деңгээлин көтөрүү тууралуу чечим кабыл алынган.

КРнын айыл, суу чарба жана мелиорация министрлигине, КРнын экономика жана финансы министрлигине, КРнын транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигине жана тиешелүү мамлекеттик органдарга төмөндөгүдөй тапшырма берилген:

-Өзгөчө макамды эске алуу менен Баткен облусун өнүктүрүү программасын, анын ичинде ишке ашыруунун так мөөнөтү менен инфраструктуралык долбоорлорду өнүктүрүү боюнча маселерди камтыган жол картасын иштеп чыгуу жана кабыл алуу;

-Биринчи кезектеги долбоорлорду ишке ашырууну камсыздоо;

Мындан тышкары, министрлер кабинетинде бир канча пункттардын аткарылбай калуу коркунучу бар экени белгиленди, атап айтканда:

- ишкерлердин мамлекеттик органдар менен өз ара аракетин жумшартуу процедурасы (18-пункт);

- транспорттук жана салмак-ченин текшерүү процесстерин автоматташтыруу (21-пункт).

Пикир

Оставить комментарий