• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров иш сапарын токтотуп, Алматыдан Бишкекке учуп кетти

Өкмөт 0

Алматы, 02.02.24. /Кабар/. Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек ЖЭБинде болгон аварияга байланыштуу иш сапарын токтотуп, Алматы шаарынан Бишкекке учуп кетти.

Ал Бишкекке учуп келген соң президенттин администрациясында штабдын жыйынын өткөрөт.

Эскерте кетсек, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров күн мурун, 1-февралда иш сапары менен Казакстандын Алматы шаарына учуп кеткен. Иш сапарынын алкагында Жапаров Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына жана “Digital Almaty 2024: Индустрия X” эл аралык санарип форумуна катышмак.

Пикир

Оставить комментарий