• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров КММА жана КМТУнун студенттери үчүн лекция окуду

Өкмөт 0

Бишкек, 29.03.24./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жана И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети студенттери жана профессордук-окутуучулук курамы үчүн лекцияларды өткөрдү.

Минкаб башчысы мейман лекцияларынын алкагында, өлкөдө каржы секторунда, фискалдык саясатта, энергетикада, транспортто, курулушта, саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу айтып берди.

Мындан тышкары, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу жана Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу сыяктуу стратегиялык инфраструктуралык долбоорлордун ишке ашырылышы боюнча маалымат берди.

Иш-чаранын алкагында Акылбек Жапаров жолугушуунун катышуучуларынын суроолоруна жооп берип, ошондой эле окуу лабораторияларынын абалы менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий